Токтогул районунун Торкен айылында айылдык маданият үйүнүн жана китепкананын жаңы имараты ачылды

Маданият үйдүн келечеги, эл маданияттын келечеги! Районубуздун калкын маданий жактан тейлөөнү жакшыртуу, жашоо маданиятын жогорулатуу, улуттук каада-салттарыбызды сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын жашообуздагы деңгээлин көтөрүү, жаш муундардын инсандык сапаттарын калыптандыруу, руханий жактан азыктандыруу максатында А. Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында 300 орундуу “Карагул” айылдык маданият үйүнүн жана китепканынан жаңы имаратынын ачылышы болду.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т. Нусупова, А. Суеркулов айыл аймагынын башчысы Ө. Жаманкулов, райондук мекеме, уюмдардын жетекчилери, маданият кызматкерлери жана айылдын жашоочулары катышты.
Башчы-аким А.А. Тюкебаев Торкен айылынын элин жана маданият кызматкерлерин жаны имараттын ишке берилиши менен куттуктап, ушул маданият сахнасында маданий жактан тейлөөнү жакшыртуу, жашоо маданиятын жогорулатуу жана талантуу жаштар тарбияланып чыгуусуна ийгиликтерди каалады.
Айылдык маданият үйүнүн курулушу 2022-жылы башталган. 300 орундуу имараттын курулушуна жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондусунан жана “Атайын эсептен” 16,7 млн сом сарпталды.
Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкерлери , Торкен айылынын сыймыктуу жигиттери Мирбек Баеков, Нурмат Садыров жана райондук, айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан майрамдык концерт берилди.
-Белгилей кетсек, район боюнча 1 райондук жана 4 айылдык маданият үйү, 8 айылдык клуб , 22 айылдык китепкана иштейт.

Leave a Reply