“Жаңы кадам” конференциясы 4-август күнү …

“Жаңы кадам” конференциясы 4-август күнү социалдык жардам алуучулардын катышуусунда өттү.
Конференцияга Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев катышып, социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам алгандардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Токтогул району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө, 2023-жылы 300 үй-бүлө 100,0 миң сомдон кайтарымсыз акча каражатын алышып, иш алып барууда.
Конференцияда сөз алып сүйлөгөн социалдык келишимдин катышуучулары алган акча каражатынан киреше таап жаткандарын айтып өтүштү.

Leave a Reply