Кадырман карыялар!
Төрдүн көркү болгон ардактуу аталар жана апалар!
Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!
Сиздерди бүгүнкү Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
“Карысы бардын ырысы бар”, „Карынын сөзүн капка сал“ деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен. Ата – жөлөп турган тирек, эне – акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер экени талашсыз.
Убагында Сиздер өлкөбүздүн экономикасын, өндүрүшүн, маданиятын жана башка тармактарын өнүктүрүү, алдыга жылдыруу үчүн көп аракеттерди жумшадыңыздар. Уул-кыздарды тарбиялап, турмушта алардын ордун табуусунда жөлөк-таяк болдуңуздар, турмуш жолуна аттантуу дагы өзүнчө чоң жоопкерчилик жана күжүрмөн аракет. Сиздердин бул аракетиңиздер жогору бааланат жана мамлекетибиз тарабынан карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.
Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!
Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!
Урматтоо менен, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев