Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117,118 Жарлыктарына ылайык райондун аймагында жашаган алты, жети жана андан ашык бала төрөп, жакшы тарбиялап өстүргөн көп балалуу энелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы сыйлыктары менен сыйланышты. 2024-жылда “Баатыр эне” ордени менен көп балалуу 20 эне, “Эне даңкы” медалына 7 эне татыктуу болушту.
Сыйлык ээлерине Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов жана айыл аймак башчылары куттуктоо сөз сүйлөп, чакан белектерди тартуулашты.