2024-жылдын 15-февралында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы райондун аймагында жашаган Ооган согушунун ардагерлеринин жана кайтыш болгондордун туугандарынын катышуусунда салтанаттуу белгиленди.
Токтогул району боюнча Ооган согушуна жалпы 73 жоокер катышкан, анын ичинен 2 жоокер согуш мезгилинде курман болгон, ал эми 22 жоокер келгенден кийин кайтыш болушкан.
35 жылдык мааракеге карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражат бөлүнүп, мектептерде спорттук оюндар, турнирлер өткөрүлдү.
Райондун коомдук иштерине активдүү катышкан Ооган ардагерлери райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланышты.