15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдгы белгиленди.

15-февраль – Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдгы белгиленди.
Иш чаранын жүрүшүндө Токтогул шаарындагы интернационал жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, залп атылды, ошондой эле курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду.
36 жылдыкка карата райондо жашаган Афган жоокерлерине жана курман болгон жоокерлердин үй бүлөлөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражат бөлүнүп берилди жана мектептерде спорттук оюндар, турнирлер өткөрүлдү.
Райондун коомдук иштерине активдүү катышкан Ооган ардагерлери райондук мамлекеттик администрациянын жана тармактардын сыйлыктары менен сыйланышты.

Leave a Reply