2023-жыл жыйынтыгы чыгарылды

2024-жылдын 13-февралында 2023-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү.
Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сыдыков, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышышты.
Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалыматтар угулуп, талкууланды.
Ошондой эле 2023-жылы райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктары тапшырылды.
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү” наамы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө, “Жылдын мыкты мекемеси” Токтогул ЖДПБна, “Жылдын мыкты жетекчиси” КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын башчысы Т.Муратовго ыйгарылды.

Leave a Reply