Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар таратылды

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду тарабынан азык-түлүктөрдөн турган гуманитардык жардамдар даярдалып, райондогу 120 жардамга муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилип, таратылып берилди. Районго бөлүнгөн гуманитардык жардамдарды алып келүүгө Токтогул шаардык мэриясы, А.Суеркулов, Кетмен-Дөбө, Үч-Терек жана Э.Иманалиев айыл өкмөттөрү көмөк көрсөтүштү.

Толук окуу…

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү

Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Кыдырууга акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери чыгышты. Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн, жашоо-шартын аныктоо болуп саналат. Мындай кыдыруулар башка айылдарда…

Толук окуу…

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен райондун Жаңы-Жол айылынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулуктардын алдын алуу, болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Толук окуу…

Үч-Терек айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду

2024-жылдын 9-октябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Үч-Терек айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев,…

Толук окуу…

Санжыра ордосун куруу талкууланды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев Токтогул шаарынын борбордук эс алуу паркынын аймагына “Санжыра ордосун” куруу боюнча демөөрчүлөр менен долбоордун сметасы, проектиси талкууланып, макулдашуу иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Райондогу жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүлдү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узенбаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкулов Торкен айылындагы А.Мамыров, Арал айылындагы Т.Тешебаев, Бала-Чычкан айылындагы Иманбаев атындагы орто мектептеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды.

Толук окуу…

Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү талкууланды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында техникалык кеңешменин отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун долбоору, сметасы, аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды. Отурумга Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узенбаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев жана долбоорду иштеп чыккан фирманын өкүлдөрү катышты.

Толук окуу…