Райондун аймагында массалык ишембилик уюштурулуп өткөрүлдү

Райондун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында массалык ишембилик уюштурулуп өткөрүлдү. Ишембиликке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мекеме ишканалардын кызматкерлери активдүү катышып, Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү таштандылардан тазаланып, чыгарылды. Ошондой эле Токтогул шаарындагы эс алуу багында да тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Толук окуу…