Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев жаш спортсмен Абдрахманова Диананы кабыл алды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында өткөн “Самбо күрөшү” боюнча Азия биринчилигинде Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, эл аралык мелдеште Кыргыз Республикасынын желегин желбиретип, 2-орунду ээлеп күмүш медалга татыктуу болгон жаш спортсмен Абдрахманова Диананы кабыл алып, спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, ийгиликтерди каалады.

Толук окуу…

Ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актёр Элмирбек Иманалиевдин айкелин ачуу иш-чарасы болуп өттү

Токтогул шаарынын борбордук аянтында 2025-жылдын 20-апрель күнү төгөрөгү төп келген жорго, көп кырдуу талант ээси — ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актёр Элмирбек Иманалиевдин айкелин ачуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, акындын чыгармачылык жолундагы үзөңгүлөшү, замандашы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Самыйкожо уулу, Токтогул…

Толук окуу…