Веб сайттан издөө
Рубрикалар
-
Акыркы документтер
- Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду
- Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан Токтогул шаарынын аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү
- Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан Токтогул шаарынын аймагында жол коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
- Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору А.Сатыбалдиев менен биргеликте Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу саламаттык сактоо мекемелеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү
- Э. Иманалиев айыл аймагынын Камыш-Башы айылындагы таза суу чыгаруу иштеринин жүрүшү менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жеринде таанышты
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Сын пикир калтырыңыз

Материалдар архиви
- April 2026
- March 2026
- February 2026
- January 2026
- December 2025
- November 2025
- October 2025
- September 2025
- August 2025
- July 2025
- June 2025
- May 2025
- April 2025
- March 2025
- February 2025
- January 2025
- December 2024
- November 2024
- October 2024
- September 2024
- August 2024
- July 2024
- June 2024
- May 2024
- April 2024
- March 2024
- February 2024
- January 2024
- December 2023
- November 2023
- September 2023
- August 2023
- April 2023
Пайдалуу шилтемелер
Year: 2026
Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептин 9-11-класстын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда жолугушуу уюштурулд
2026-жылдын 24-мартында Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиевдин балдар арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, “кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептин 9-11-класстын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда жолугушуу уюштурулду.…
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында укук бузууларды алдын алуу жана алар менен иш алып баруу багытында окуу-семинар өткөрүлдү
Аталган иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жооптуу адистери катышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптары боюнча кеңири маалымат берилди. Тактап айтканда, укук бузуулар боюнча протоколдорду туура тариздөө, айып пулдарды мыйзам чегинде туура салуу жана аларды өндүрүү тартиби түшүндүрүлдү.
Үч-Терек жана Толук айылдарында аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары ачылды
Токтогул районунун Үч-Терек жана Толук айылдарында райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун онлайн катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылды. “Бүгүн заман талабына ылайыкталып курулуган имараттардын ачылышы – бир эсе коомчулукта тартипти камсыздоого көрүлгөн камкордук болсо, бир эсе ошол тартип сакчыларына дем-күч берүү болуп саналат”, –…
21-мартта Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э. Апит уулу майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, жалпы элге тынчтык, биримдик, береке жана өнүгүү каалады. Иш-чарада кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жаралган улуттук буюмдардын, тамак-аштардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, келген конокторго улуттук маданияттын байлыгы кеңири тааныштырылды. Ошондой эле улуттук каада-салттардан тушоо кесүү жөрөлгөсү…
Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан район аймагында 2026-жылдын 17-18-март күндөрү “Өспүрүм түн” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү
Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдүн түнкүсүн көчөлөрдө максатсыз жүрүшүнүн алдын алуу жана алардын ар кандай кылмыштарга же укук бузууларга кабылып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат. Бул иш-чара жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын бош убактысын туура пайдаланууга багыт берүү жана коомдук тартипти сактоо максатында уюштурулду. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө…
Элдик жыйын
Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 18-мартында Үч-Терек айыл аймагынын тургундары Үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүндө жолугушуу…
Районун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү
Райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштеринин жүрүшүн, ошондой эле Чоң-Арык айылында салынып жаткан 120 орундуу бала бакчанын абалын жеринен көрдү. Мындан тышкары, Токтогул–Беш-Таш–Токтогул автоунаа жолун асфальттоо иштерине даярдык көрүү маселелери каралды. Район башчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Б.Багымбаевге жана…
Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында 16-март күнү райондун акими А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду
Райондун тургундары жер, жол, материалдык жардам жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандардын маселелери боюнча мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин. Токтогул РМАнын башчысы-акимдин…
Райондун аймагында ишембилик уюштурулду
Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары жана райондун жашоочуларды тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.
