Өкүлдүн орун басары тарабынан район аймагындагы санитардык абал, коомдук жайлардын тазалыгы жана инфраструктуранын көрүнүшү текшерилип, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Тактап айтканда, өкүлдүн орун басары У.О. Самаев тарабынан район акими А. Тюкебаевге, шаар мэри Б. Бактыбековго, ошондой эле айыл өкмөт башчыларына жана мекеме жетекчилерине тазалыкты камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана аймактын көрктүүлүгүн арттыруу боюнча протоколдук тапшырмалар жүктөлүп, аларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.
