2023-жылдын 22-декабрында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы
коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде:
1. “Райондун аймагындагы жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иш чаралары жөнүндө”;
2. КР Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы ПЖ №548 “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү” Жарлыгынын аткарылышы жөнүндө маселелер каралды.
Аталган маселелер жөнүндө тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тапшырмалар берилип, атайын мөөнөттөр коюлду.