Райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасы аркылуу 2023-жылы райондун аймагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулуп, 2024-жылга карата иш-чаралар планы талкууланды.
Район боюнча 2023-жыл ичинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 24 долбоор ишке кирип 634 адам эмгектенип, эмгек акыларына 87 тн 600кг ун,18тн 762 кг май жана акчалай берилди. Мунун ичинен 481 эркек жана 153 аял.