Урматтуу Токтогул районунун тургундары жана жеке ишкерлери Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында район боюнча кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат.
– Долбоордун максаты бөбөктөрдү бала бакча менен камтуу деңгээлин жогорулатуу, бала бакча ачууга жөндөмдүү жарандарды кыска аралыкта жеке ишкерликке окутуп, үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга көмөктөшүү.
– Жеке ишкер катары үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган жарандардан мурдагыдай лицензия алуу талап кылынбайт.
– Каалоочулар өздөрү жашап жаткан үйдө эле ача алат. Жогоруда белгиленгендей, жер үй болсо шартына жараша 25 балага чейин, эгерде көп кабаттуу батир болсо — 10 балага чейин кабыл алууга болот.
– Алардан бир гана балдардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды, өрткө каршы эрежелерди сактоо талап кылынат жана атайын адистер тарабынан окутуудан өткөрүлөт
– Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жашына чейинки балдарга кандай окуу-усулдук тарбиялык иштер окутулушу керектигин даярдап, иштеп чыккан.
Жеке ишкер болгусу келген жарандар үч күндүк окутуудан өтүшөт
1- күнүндө балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша билим-тарбия берүү тууралуу билимге ээ болсо,
2- күнү өрт коопсуздугу жана саламаттыкты сактоо нормалары боюнча маалыматтарды алат
3-күнү жеке ишкерликти жүргүзүүнүн, ишкер катары катталуунун жеңилдетилген формаларын үйрөнүшөт.
Каалоочулар Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.