3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарада райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы менен катышуучуларды куттуктады.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 32 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар райондун аймагындагы бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өткөрүлдү.