2-24-жылдын 27-февралында Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тектир айылында, айыл элинин ден соолугун чыңдоочу залы ачылды.
Ден соолукту чыңдоо залы Швейцария өкмөтү тарабынан “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору аркылуу каржыланып, айыл эли ден сосолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн. 150 миң сомду түздү. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом өздүк салым кошулган. Бул долбоор Кыргызстан айылдык ден соолук комитети тарабынан сунушталып колдоого ээ болгон.
Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкулов, айылдык кеңештин депутаты Р.Токтоназарова, айылдык ден соолук комитетинин төрайымы А.Токтогазиева, айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү жана айыл тургундары катышышты.
Айылдык ден соолук комитети дени сак жашоого үндөйт. Айылдык ден соолук комитеттеринин максаты – элеттик жамаатка өз саламаттыгын жакшыртуу үчүн өз алдынча иш алып барууга мүмкүндүк берүү.