Райондук мамлекеттик администрациянын 2024-жылдын 22-ноябрындагы “Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аттуу акцияны уюштуруу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын негизинде “Биз зомбулукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш уюштурулду.
Жүрүшкө № 1 Токтогул, № 2 Ж.Бөкөнбаев, № 28 Т.Ормонбеков мектептеринин окуучулары, райондук мамлекеттик администрациянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.
Иш-чара № 2 Ж.Бөкөнбаев мектебинде уланып, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы К.Искаков зордук-зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча окуучуларга түшүндүрүү жүргүзүштү.
Окуучулар тарабынан зордук-зомбулукка каршы чакан көрсөтмөлөрү жана өспүрүмдөрдүн патриоттук сезимдерин ойготуучу чыгармалар тартууланды.
Жыл сайын жүргүзүлүүчү акция 25-ноябрь – Эл аралык аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталат жана 10-декабрь – Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.