“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо, багар-көрөрү жок жана аз камсыз болгон жарандардын жашоо-шартынан кабар алуу максатында Э.Иманалиев, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү.
Үймө-үй кыдыруу учурунда үй бүлө мүчөлөрү менен баарлашуу жүргүзүлүп, жөлөкпул алуудагы даректүүлүк, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу ж.б.у.с. маселелер боюнча түшүнүктөр берилди.
Кыдырууга райондук мамлекеттик администрациянын, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана аталган айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышты.



