Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында балык (осетр) чарбасынын курулушу боюнча жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаевдин төрагалыгында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун (ГЧП) алкагында Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында балык (осетр) чарбасынын курулушу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин өкүлү С.Эргешов, “Азия продукт” ЖЧКнын өкүлдөрү катышты. Жыйын учурунда айыл чарба жоготууларынын төлөмү, курулуш иштеринин жүрүшү, тараптардын милдеттери жана укуктары жөнүндө сөз болду. Жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик мекемелерге, Токтогул шаардык мэриясына тапшырмалар коюлат.

Leave a Reply