Айылдык ден соолук комитеттеринин күнү белгиленди

9-сентябрь – Айылдык ден соолук комитеттеринин күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында салтанаттуу жыйын болуп, райондогу айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү чакырылды.
Салатанаттуу жыйында раймамадминистрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров куттуктоо сөз сүйлөп, айылдык ден соолук комитеттеринин иштерине баа берип, айыл элинин ден соолугу үчүн жасап жаткан иштерин белгилеп өттү жана айылдык ден соолук комитеттеринин активдүү мүчөлөрүнө раймамадминистрациянын ардак грамоталары тапшырылды.
Токтогул району боюнча жалпы айылдык ден соолук комитеттеринин 39 мүчөсү бар. АДК мүчөлөрү калктын ден соолугуна кам көрүү менен калк арасында жугуштуу, жугуштуу эмес ооруларды алдын алууда бир топ иштерди аткарып келишет жана айыл аймактардын коомдук иштерине активдүү катышып турушат.

Leave a Reply