Райондун акими А.А. Тюкебаев 2025-жылдын 18-сентябрь күнү Токтогул районунун Токтогул шаарында курулуучу оорукананын, реабилитациялык борбордун, мектептин, бала бакчанын жана ички көчөлөрдү асфальттоо боюнча шаар мэри жана райондогу тиешелүү мекеме жетекчилери менен чогулуш өткөрдү.
Чогулуштун жүрүшүндө Токтогул райондук ЖДПБ аймагына курулуучу 100 орундуу оорукананын, 100 орундуу реабилитациялык борбордун, Таласбай кичи районуна курулуучу 750 орундуу заманбап мектептин жана 140 орундуу бала бакчанын долбоорун даярдоо, долбоорлого жерди изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча шаар мэрине, тиешелүү мекеме жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.
Ал эми, Токтогул шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоо боюнча шаар мэрине кыска мөөнөттө ар бир көчөнүн техникалык тапшырыгын жасап чыгуу, жолдун долбоорун жана сметалык баасын эсептеп чыгуу жагы милдеттендирилди.