Райондун аймагындагы М.Нургазиев, У.Артыкбаев, Бекназар, К.Токторалиев жана Т.Жүндүбаев орто мектептеринде райондук мамлекеттик админмстрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринин жана имамдардын, ата-энелердин, окуучулардын катышуусунда жыйындар өттү.
Аталган кызматкерлер тарабынан өспүрүмдөр тарабынан жасалган укук бузуулардын, жол транспорт кырсыктарынын жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын, үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн укуктары, ата-энелердин жоопкерчиликтери боюнча тиешелүү маалыматтар берилип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.