Атап айтканда, №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштерин, Коргол атындагы орто мектебинин спорт залын оңдоп-түзөө иштерин жана Данканай атындагы орто мектебинин чатырынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалын көрдү.
Мындан тышкары, Ак-Тектир айылындагы фитнес клубдун курулушунун жүрүшүн жана толугу менен тосмолонгон фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) айланасынын абалы менен да таанышты.
Райондун акими ошондой эле Токтогул – Беш-Таш – Токтогул автоунаа жолунун Кара-Күнгөй участогунда жүргүзүлүп жаткан асфальттоого чейинки иштеринин абалын жана Кара-Күнгөй каналын 2 чакырым 200 метр аралыкта бетондоо иштерине даярдык деңгээлин жеринен көрүп, тиешелүү кызматтарга иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары, район башчысы айыл аймактагы Участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдыгын жана алардын материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалын да жеринен текшерди.




















