Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өттү

Коллегиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-августундагы №6-кт токтомунун аткарылышы;
2. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана алдыдагы милдеттери;
3. Ченемдик-укуктук актыларды жана жогорку органдардан түшкөн иш кагаздарын аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча КР Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Токтогул филиалынын, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана аткаруучулук тартиптин абалы;
4. Токтогул районунда 2026-жылдын түшүмү үчүн эгилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу структурасын бекитүү жөнүндө.
Отурумдун жүрүшүндө ар бир маселе боюнча тиешелүү баяндамалар угулуп, талкуулар жүрдү. Коллегиянын жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди. Өз милдеттерин талаптагыдай деңгээлде аткарбаган айрым жетекчилер сынга алынып, тартиптик чаралар көрүлдү.
Коллегиянын башталышында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктар ыйгарылды.

Leave a Reply