“Зомбулуксуз 16 күн” иш чарасынын алкагында Токтогул РИИБдин кызматкерлери Э.Иманалиев айыл аймагындагы мектептерде түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу жана балдарды коргоо боюнча коомчулуктун жоопкерчилигин күчөтүү. Мектептерде өткөн жыйындарга окуучулардын ата-энелери да катышып, адистер тарабынан үй-бүлөдөгү коопсуз атмосфераны түзүү, зомбулуктун түрлөрүн таануу жана тез арада кайрылуу жолдору боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө ата-энелер жана мугалимдер менен ачык баарлашуу болуп, зомбулукту болтурбоо боюнча сунуштар, түшүндүрмөлөр жана профилактикалык материалдар таратылды.

Leave a Reply