Бүгүн, 2026-жылдын 11-февралында, Токтогул районунда мектеп окуучуларынын райондук предметтик олимпиадасы №1 Токтогул атындагы орто мектебинин базасында башталды.
Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары – акимдин орун басары К.Аттокуров катышып, жалпы катышуучуларды куттуктап, окуучуларга ийгилик жана жеңиш каалады. Ал өз сөзүндө билимдүү, изденген жаштар өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, олимпиада окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууда жана таланттуу жаштарды аныктоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Быйылкы райондук олимпиадага жалпы 851 окуучу катышууда. Алар ар түрдүү окуу предметтери боюнча өз билимдерин сынап, мыктылар облустук баскычка жолдомо алышат.
Олимпиада эки күнгө созулуп, белгиленген тартипте жана талаптарга ылайык өткөрүлөт.



