Иш чаранын жүрүшүндө Токтогул шаарындагы интернационал жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, залп атылды, ошондой эле курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду.
Иш чара райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында уланып, Ооган согушунун ардагерлерине калоо-тилектер айтылып, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
37 жылдыкка карата райондо жашаган Ооган жоокерлерине жана курман болгон жоокерлердин үй бүлөлөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражат бөлүнүп берилди жана мектептерде спорттук оюндар, турнирлер өткөрүлдү.
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |




