“40 район – 40 китеп” адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө

Чыгармачылык ишке дем берүү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо үчүн шарттарды түзүү максатында “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536-т тескемеси менен бекитилген “40 район – 40 китеп” адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө Жобого ылайык” жүргүзүлө турганын маалымдайбыз.
Конкурстун максаты – аймактарындагы калемгерлердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, мыкты адабий чыгармаларды коомчулукка жайылтуу, таланттуу авторлорду издөө, алардын чыгармачылыгына окурмандардын көңүлүн тартуу, кыргыз тилин, улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү.
Конкурска катышуу үчүн аймактардагы авторлор райондук мамлекеттик администрация аркылуу Кыргыз Республикасынын
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуна 2026-жылдын 16-февралынан 13-апрелине чейин жөнөтүүсү зарыл. Конкурстун жеңүүчүсү деп табылган авторлордун китеби Мамлекеттик фонд тарабынан жарык көрөрүн маалымдайбыз.

Leave a Reply