Айыл чарбасын каттоо боюнча окуу семинар өттү

Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын аймагында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарбасын каттоого даярдыктын алкагында окуу семинар уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен келген адистердин катышуусунда өттү.
Семинардын негизги максаты — айыл аймактарда айыл чарбасын каттоону сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу болду.
Катышуучулар практикалык мисалдардын негизинде суроолоруна жооп алышып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Айыл чарбасын каттоо — бул өлкөнүн агрардык секторунун абалын аныктоодо, мамлекеттик саясатты пландаштырууда жана аймактарды өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууда маанилүү маалымат булагы болуп саналат.

Leave a Reply