Үч-Терек жана Толук айылдарында аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары ачылды

Токтогул районунун Үч-Терек жана Толук айылдарында райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык бөлүмчөлөрүнүн жаңы имараттары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун онлайн катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылды.
“Бүгүн заман талабына ылайыкталып курулуган имараттардын ачылышы – бир эсе коомчулукта тартипти камсыздоого көрүлгөн камкордук болсо, бир эсе ошол тартип сакчыларына дем-күч берүү болуп саналат”, – деди Мамлекет башчысы.
Ал бул имараттардын ачылышы менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары бир кыйла жакшырып, элибизге ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү жумуштары жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишенимин билдирди.

Leave a Reply