Жолугушууга Токтогул районунун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бухгалтерлер, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү катышты. Консультацияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча улуттук эксперт Чекиров Асылбек Асаналиевич алып барды.
Талкуунун жүрүшүндө негизги көңүл теориялык түшүндүрмөлөргө гана эмес, бюджеттик инструменттерди практикалык колдонууга бурулду. Катышуучулар төмөнкү маселелерди карашты:
Жолугушуунун негизги басымы бюджетти жөн гана каржылык документ катары эмес, аймактын өнүгүүсүн башкаруучу инструмент катары кароого жасалды. Анын сапаттуу пландалышы ар кандай калк топторунун кызматтарга жана ресурстарга жеткиликтүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет.
Ачык диалог форматындагы жолугушуу катышуучуларга өз тажрыйбасындагы реалдуу учурларды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Анын ичинде маалыматтарды чогултуудагы кыйынчылыктар, ресурстардын чектелгендиги жана калктын формалдуу катышуусу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Бул болсо декларативдүү түшүнүктөн практикалык чечимдерди издөө этабына өтүүгө шарт түздү.
Мындай консультациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институционалдык потенциалын чыңдоого жана калктын муктаждыктарына багытталган, инклюзивдүү жана ачык бюджеттик саясатты калыптандырууга өбөлгө түзөт.
«СЕДЕП» долбоору «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Германиянын Кёльн шаарындагы Pro NGO! e.V. уюму менен өнөктөштүктө жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
