Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакта көчөлөрдө максатсыз жүрүшүнүн алдын алуу жана алардын ар кандай кылмыштарга же укук бузууларга кабылып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат.
Бул иш-чара жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын бош убактысын туура пайдаланууга багыт берүү жана коомдук тартипти сактоо максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү убакта көчөдө жүргөн жалпы 42 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө айып пулдар салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ата-энелерге балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү, алардын кайда жана кимдер менен жүргөнүнө көңүл буруу, ошондой эле балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Мындан сырткары, милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу райондун аймагындагы суу жээктеринде эс алып жүргөн жарандарга сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу максатында өздөрүнүн жана балдарынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






