Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 4-июнундагы №154 буйругунун негизинде Токтогул шаарындагы борбордук базардын архитектуралык көрүнүшүн ирээтке келтирүү, өрт коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле санитардык, ветеринардык жана энергетикалык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында атайын комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын курамына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул шаардык мэриясынын, ветеринардык кызматтын, салык кызматынын, архитектура жана кадастр мекемелеринин өкүлдөрү кирген.
2026-жылдын 12-июнунда комиссия тарабынан борбордук базардын аймагында рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө өз чегинен чыгып соода кылгандарга, уруксаты жок жерлерге дарбыз, коон, мөмө-жемиштерди саткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Башаламан соода жүргүзгөндүгү үчүн 2 жаранга протокол түзүлүп, айып пул чегерилди.
Мындай рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу максатында эки жумада бир жолу уюштуруу пландаштырылууда.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы бардык мекеме-ишканаларды жана ишкерлерди санитардык тазалыкты сактоого, коомдук тартипти камсыздоого жана мыйзам талаптарын так аткарууга чакырат.
