Токтогул районунун өнөрпоздору эл аралык фестиваль-конкурсунда баш байгелүү орундарга ээ болушту

Ташкент шаарында өткөн «Узоры Азии» эл аралык фестиваль-конкурсунда Токтогул районунун таланттуу жаш өнөрпоздору жана чыгармачыл жамааттары ийгиликтүү катышып, бир катар баш байгелерге (Гран-при) ээ болушту.
Конкурстун жыйынтыгында:
10–13 жаш категориясындагы «Чайкама» комузчулар ансамбли Гран-при сыйлыгына татыктуу болду. Жетекчиси – Айнура Кожобергенова.
13–15 жаш категориясындагы «Миң кыял» комузчулар ансамбли Гран-при жеңип алды. Жетекчиси – Айгүл Монолбаева.
«Ботой» фольклордук ансамбли да жогорку деңгээлдеги өнөрүн көрсөтүп, Гран-при сыйлыгына ээ болду. Жетекчиси – Райла Изамбаева.
Виртуоздук аткаруу номинациясында «Селкинчек» ооз комузчулар ансамбли Гран-при менен сыйланды. Жетекчиси – Айзада Сооронкулова.
Жеке аткаруу боюнча Ашымова Сумая Гран-принин ээси болуп, өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөттү. Жетекчиси – Райла Изамбаева.
Бул ийгиликтер жаш таланттардын чыгармачылык дараметин, улуттук музыкалык мурастарды сактоо жана өнүктүрүү багытындагы үзүрлүү эмгектин жыйынтыгы болуп саналат.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким У.О.Самаев жеңүүчүлөрдү жана алардын жетекчилерин куттуктап, эл аралык деңгээлдеги бул ийгиликтер район үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ал өнөрпоздорго мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы жеңишкендиктерге жетүүнү каалады.

Leave a Reply