Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын, жол кырсыктарынын, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу.
Түшүндүрүү иштери коомдук жайларда, базарда, соода түйүндөрүндө жана мектептерде жүргүзүлүп, жарандарга жана окуучуларга мыйзамдуулукту сактоо, жол кыймылынын эрежелерин так аткаруу, үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана коомдук тартипти сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, интернет коопсуздугу, зыяндуу адаттардан алыс болуу жана ата-энеге болгон сый-урмат тууралуу түшүндүрүү иштерида жүргүзүлдү.
