Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Токтогул шаарындагы ооруканадагы ар бир бөлүмдүн жылуулугу менен таанышып, ооруканада жаткан бейтаптардан кабар алды.
Ошондой эле медицина кызматкерлеринин тейлөөсү жана берилип жаткан тамак-ашы боюнча бейтаптар менен баарлашты. Бейтаптар оорукананын жылуулугу боюнча нааразычылык жок экендигин жана медицина кызматкерлеринин тейлөөсүнө ыраазычылыктарын билдиришти.