Башчы-аким А.Тюкебаев 1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин күнү, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!
1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин күнү, кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктайм!
Милиция кызматкерлери – өлкөбүздүн тынчтыгын жана жарандарыбыздын коопсуздугун коргоп, өз өмүрүн, бүткүл жашоосун тобокелге салып, кызмат өтөп келүүдө. Ар бир милиция кызматкери мамлекетибиздин укуктук негиздерин бекемдөө жана коомдук тартипти чыңдоодо ишенимдүү жардамчы болуп берүү милдетин алып жүрөт.
Сиздердин каармандык эмгегиңиздердин натыйжасында райондун аймагында коомдук коопсуздук сакталып, кылмыштуулуктун көбөйүүсүнө бөгөт коюлуп келүүдө.
Учурунда ардагерлер да кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кыйла эмгек сиңирген. Алар азыр да катардан калбай, милициянын жаңы муунуна өзүлөрүнүн мол тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл-насаат айтып келишет.
Кылым карыткан тарыхы бар кыргыз милициясынын өнүгүүсүнө, ишинин алдыга жылышына, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана анын алдын алууда ар бириңиздердин эмгегиңиздер зор.
Коомдук коопсуздукту сатоодогу, кылмышка каршы күрөшүү жана анын алдын алуудагы аракетиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй бүлөлүк бакыт каалайм. Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев

Leave a Reply