Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Иш чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө белгиленип, ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлери катышышты.
Куттуктоо сөзүндө райондун акими А.А.Тюкебаев милиция кызматкерлери бир кылым убакыттан бери мамлекеттик системанын коом үчүн кызмат көрсөткөн эң керектүү, эң күчтүү, зарыл тиреги экенин белгиледи. Ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоодогу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жана анын алдын алуудагы аракеттери үчүн бир катар кызматкерлерди жана ардагерлерди райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктары менен сыйлады.

Leave a Reply