2024-жылдын 12-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Токтогул шаарынын карамагындагы Арал айылында курулуп жаткан Т.Тешебаев атындагы мектептин, Комсомол айылындагы Адеми бала бакчасынын, Жаӊы-Жол айылындагы Күн-Нуру бала бакчасынын ашканасы жана кичи футбол аянтчанын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жогорудагы аталган объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаевге тиешелүү тапшырмаларды берди.