26-март 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы А.Байсабаев жана N30 ЖТИнин жетекчиси Т.Кенетаев менен биргеликте Нарын көпүрөсүнөн Кара-Көл шаарынын чек арасына чейинки Бишкек-Ош жолунун жээгин карап чыкты. Башчы-аким тарабынан айыл өкмөт бачысына КР Президентинин №56 Жарлыгына ылайык жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды жуманын аягына чейин ирээтке келтирүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле жол жээгиндеги соода түйүндөрдүн ээлерине жана жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.