Hайондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду.
Башчы-аким А.Тюкебаев “Жашыл-мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Үч-Терек айыл аймагындагы К.Токторалиев атындагы орто мектебинде 130 түп көчөт отургузуу иш-чарасына катышты жана Ч.Орозов атындагы ЖДПБна CASA-1000 долбоору аркылуу алынган УЗИ аппаратын көрдү.
Мындан сырткары Бишкек-Ош автожолунун жээгин ирээтке келтирүү тапшырмасынын аткарылышын карап чыгып, N30 жол тейлөө ишканасынын жетекчисине жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына кошумча тапшырма берилди.