Башчы-аким А.Тюкебаев Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алды

26-август 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаевге Коомдук кабылдамада   5 жаран жер маселелери, электр энергия, пособие алуу боюнча кайрылып, көйгөйлөрүн чечүү үчүн тиешелүү кызматкерлерге жана мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев  бекитилген графикке ылайык ар дүйшөмбү күнү коомдук кабылдамада саат 14:00-17:00го чейин жарандарды кабыл алат.

Толук окуу…

2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө жеринен текшерүү жүргүзүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Э.Иманалиев, Үч-Терек, А.Суеркулов айыл өкмөттөрүндөгү социалдык объектилердин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө жеринен текшерүү жүргүздү. Текшерүүдө, көмүр-отундарды сатып алуунун жүрүшү, электр чордондорунун жана от жагуучу мештердин абалы, электр энергиясы менен жылуулук берүүчү шаймандардын техникалык абалы ж.б. каралып, аныкталган кемчиликтерди…

Толук окуу…

Жолдор асфальтталды

Токтогул районунун аймагында 2024-жылдын 8 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 5,9 км жолдорго асфальт төшөлгөн. Мунун ичинен Токтогул-Беш-Таш а/жолунун 2,3 км, Торкен-Толук а/жолунун 3,0 км, Бала-Чычкан айылынын Курсант көчөсүнүн 0,6 км асфальтталган.

Толук окуу…

21-август күнү китеп сүйүүчүлөр үчүн «Китеп жарманкеси» өткөрүлдү

21-август күнү китеп сүйүүчүлөр үчүн «Китеп жарманкеси» өткөрүлдү. Аталган жарманке райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы жамааты катышып, жаңы 2024-2025-окуу жылына карата окуучуларга ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой эле жарманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, мугалимдер, ата-энелер…

Толук окуу…

Башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында жыйын өткөрдү

20-август 2024-жыл башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында жыйын өткөрдү. Жыйында төмөндөгү маселелер каралды: – Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жана Жарандык коргонуу кызматтарынын абалын баалоо актысы боюнча; – 2024-2025-ж.ж. күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча; – “Жашыл-Мурас” улуттук өнөктүгүнүн райондун аймагындагы аткарылышынын абалы жөнүндө; –…

Толук окуу…

2024-жылдын 20-август күнү башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул РМАнын кичи жыйындар залында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаңыдан дайындалган айыл башчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу-семинарга катышты. Семинарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл башчылары, тиешелүү мекеме ишканалардын адистери чакырылган. Семинар “Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын” мугалимдери тарабынан өткөрүлүп, айыл…

Толук окуу…

Башчы-аким А.А.Тюкебаев шайлоо округдарын жана участкаларын кайра карап чыгуу боюнча жыйын өткөрдү

16-август 2024-жылы башчы-аким А.А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы жергиликтүү кеңештерди шайлоолоруна даярдык көрүү үчүн шайлоо округдарын жана участкаларын кайра карап чыгуу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Толук окуу…

14-август 2024-жыл башчы-аким А.А.Тюкебаевдин төрагалыгында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында жыйын өттү. Жыйында төмөндөгү маселелер каралды: – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №5 чечими менен тааныштыруу жана аткарууга алууга жөнөтүү тапшырмасы боюнча; – Райондун аймагында жайгашкан базарларда, соода, эс алуу, көңүл ачуучу жайларда, май куюучу жана…

Толук окуу…

12-август 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

12-август 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө болду. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаев жана ар бир министрликтин өкүлдөрү, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана…

Толук окуу…

1,3га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды

Токтогул районунун аймагында “МАК-2024” банги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна жана баңгиликтин жайылышына тыюу салуу чараларды көрүүдө А.Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында жергиликтүү айыл башчылары, Токтогул РИИБнүн участкалык инспекторлору жана жарандык активисттер болуп 1,3га кара куурай өскөн жерди чабуу жана өрттөө иштери аткарылды.

Толук окуу…