21-август күнү китеп сүйүүчүлөр үчүн «Китеп жарманкеси» өткөрүлдү.
Аталган жарманке райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы жамааты катышып, жаңы 2024-2025-окуу жылына карата окуучуларга ийгиликтерди каалап өттү.
Ошондой эле жарманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, мугалимдер, ата-энелер жана мектеп окуучулар өздөрүнө керектүү болгон бир топ китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Китепкөй адистер менен бирге окурман окуучу, студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлгөн иш-чарада көптөгөн китептер өз окурмандарын тапты.
Бул иш-чара аркылуу окуучулардын китеп текчеси жана окуучулардын китеп баштыгы бир топ толукталды. Мындан кийинки “Китеп кербен жарманкеси” ар бир билим берүү мекемелеринин алдында өткөрүлөт.