14-август 2024-жыл башчы-аким А.А.Тюкебаевдин төрагалыгында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында жыйын өттү.
Жыйында төмөндөгү маселелер каралды:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №5 чечими менен тааныштыруу жана аткарууга алууга жөнөтүү тапшырмасы боюнча;
– Райондун аймагында жайгашкан базарларда, соода, эс алуу, көңүл ачуучу жайларда, май куюучу жана автомашина оңдоочу жайларда, калк жашаган аймактарда тазалыкты сактоо, таштандылардан арылтуунун абалы жөнүндө;
– “Жашыл-Мурас” улуттук өнөктүгүнүн райондун аймагындагы аткарылышынын абалы жөнүндө;
– Жана башка маселелер.
Жыйынга мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаардын мэри, айыл өкмөт башчылары жана ар бир айылдын айыл башчылары катышып, жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилди.