2024-жылдын 20-август күнү башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул РМАнын кичи жыйындар залында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаңыдан дайындалган айыл башчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу-семинарга катышты.
Семинарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл башчылары, тиешелүү мекеме ишканалардын адистери чакырылган.
Семинар “Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын” мугалимдери тарабынан өткөрүлүп, айыл башчыларга негизги функцияларын жана ишти туура алып баруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Leave a Reply