Коомдук кабылдамада башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

2024-жылдын 22-апрель күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюшурулду. Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жана жер маселелери боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Чоң-Арык айылында “Эко жаратман Токтогул” долбоорунун алкагында көргөзмө уюштурулду

2024-жылдын 21-апрель күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондусунун “Эко жаратман Токтогул” долбоорунун алкагында көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө жүндөн жасалган буюмдар: кийиз, өрмөк согуу боюнча мастер-класс көргөзүлдү. Көргөзмөдө улуу муундагы апалар жүндөн жасалган буюмдар боюнча маалымат беришти.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын “Тегерек” участкасында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында 3,5 га жерге жалпы 3000 көчөт отургузулду

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ийгиликтүү ɵткɵрүү, айлана – чɵйрɵнү жакшыртуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Токтогул шаарынын “Тегерек” участкасында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктөгүнүн алкагында Токтогул шаарынын “Тегерек” участкасында, райондо айлана чөйрөнү…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарылгынын алкагында “Улуттук тазалык күнү” акциясына карата райондун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарылгынын алкагында “Улуттук тазалык күнү” акциясына карата 20-апрель 2024-жылы райондун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте актоо, сырдоо жана Бишкек-Ош эл аралык маанидеги автоунаа жолунун жүргүнчүлөрүнүн, жалпы жолдун коопсуздугун сактоо максатында жол боюндагы өсүп калган тал-дарактарды кыюу, тазалоо иштери жүрдү. Иш-чарага райондук мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында жолугушуу жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында жолугушуу жыйыны өттү. Жолугушууда ЖӨБ Союзунун жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынына делегаттарды шайлоо, 2024-жылга карата кызматташууну, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен…

Толук окуу…

Райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана муниципалдык ишкананын директорлоруна семинар уюштурулду

Өнүктүрүү Саясаты Институту менен ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын КР филиалы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана муниципалдык ишкананын директорлоруна семинар уюштурулду. Семинарда “Административдик аймактык реформа чегинде кызматтарды башкаруу-муниципалдык ишкана” жол картасы жана “Административдик аймактык реформа чегинде муниципалдык…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү

Райондун аймагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте Токтогул шаарынын эл алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун жээги тазаланды. Ошондой эле бардык айыл өкмөттөрдө да ишембилик уюштурулду. Айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн райондук мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тартылды.

Толук окуу…

Раймамадминистрацияда коомдук-саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылуу жана коррупцияны алдын алуу максатында жыйын болуп өттү

2024-жылга карата Токтогул районунда коомдук-саясий абалды туруктуулугун камсыз кылуу жана коррупцияны алдын алуу максатында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин, райондук укук коргоо органдарынын башчыларынын, мекеме, ишкана жетекчилеринин, шаар мэри, айыл өкмөт башчыларынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө райондогу коомдук-саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылууну алдын алуу…

Толук окуу…

“Кайрак” участкасындагы ашар жолу менен салынып жаткан арыктар жеринен каралды

11-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жана Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев болуп “Кайрак” участкасындагы ашар жолу менен салынып жаткан арыктарды жана жергиликтүү тургундардын кайрылуулары боюнча жеринен карап чыкты. Жыйынтыгында кайрылуулардын маселелерин жоюу боюнча шаар мэрине тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

Райондо үй-бүлөлүк зомбулукту жана ар кандай кылмыштарды болтурбоонун алдын алуу иш-аракети уланууда

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы, райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси, РИИБдин башчысы менен биргеликте Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоону, коргоону, сактоону жана башка ар кандай кылмыштарды алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…