Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча жыйын өттү

29-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында райондун аймактардагы мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча кеңешме жыйыны өттү.
Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков баяндама жасап, имамдардын суроолоруна жооп берди.
Кеңешмеге Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү, казыяттын кызматкерлери, райондун аймагындагы мечиттердин имамдары жана тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилери катышты.

Leave a Reply