Э.Иманалиев айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу жеринде каралды

3-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев Э.Иманалиев айыл аймагынын жергиликтүү жашоочулардын кайрылуусу боюнча жерине барып, айыл өкмөт башчысы, тиешелүү мекеме ишкананын жетекчиси болуп кайрылууну карап чыкты. Жыйынтыгында акт түзүлүп, түзүлгөн актынын негизинде айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү мекеме ишканаларга тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Ички каналдардын сугат иштерине даярдыгы текшерилди

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов вегетациялык мезгилге даярдыктын абалы боюнча Үч-Терек, Абды Суеркулов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн жана Токтогул шаарынын аймагындагы ички каналдардын сугат иштерине даярдыгын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым каналдарды тазалоо иштери чабал жүргүзүлгөндүгү аныкталып, айыл өкмөт башчыларына 2024-жылдын 1-апрелине чейин сугат иштерине тиешелүү деңгээлдеги даярдыкка келтирүү…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүнүн жол жээктери, Токтогул шаарынын эс алуу паркы, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр, жол жээктери тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн, шаардык мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы эс алуу паркында ишембилик уюштурулду

Бүгүн 29-март 2024-жылы Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы эс алуу паркында ишембилик уюштурулду. Эс алуу паркын тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, таштандылар чыгарылууда.

Толук окуу…

Кургак учукту бирге жеңели

Жыл сайын 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 24-февралдан 24-мартка чейин “Кургак учукка каршы күрөшүү” боюнча бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери, айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү тарабынан лекциялар окулуп, баракчалар таркатылып, “Кургак учук” илдети жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Медицина кызматкерлери, АДК мүчөлөрү, ИСИТО колледжинин студенттери менен…

Толук окуу…

“Ден соолук – 2024” мугалимдер спартакиадасынын райондук этабы өткөрүлүүдө

Райондогу 42 мектептин мугалимдеринин ортосунда “Ден соолук – 2024” мугалимдер спартакиадасынын райондук этабы №1 Токтогул, №2 Ж.Бөкөнбаев, №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында жана №6 Мүлкүбат атындагы орто мектептеринде өткөрүлүп жатат. Спартакиадада спорттун 4 түрү боюнча оюн болууда. Волейбол боюнча: – эжекелер командасынан 12; – агайлар командасынан 5; – 40 жаштан…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

27-март 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. Жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы; 2. Малдардын ылаӊдарын алдын алуу жана вакцинациялоо иш чараларынын жүрүшү; 3. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында аткарылган иш-аракеттер; 4. КР Президентинин №56 Жарлыгынын аткарылышы; 5. КР Президентинин №54 Жарлыгынын алкагында аткарылган…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду

26-март 2024-жылы башчы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагында болду. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы А.Байсабаев жана N30 ЖТИнин жетекчиси Т.Кенетаев менен биргеликте Нарын көпүрөсүнөн Кара-Көл шаарынын чек арасына чейинки Бишкек-Ош жолунун жээгин карап чыкты. Башчы-аким тарабынан айыл өкмөт бачысына КР Президентинин №56 Жарлыгына ылайык жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды…

Толук окуу…

Райондун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде иш аракеттер жүргүзүлүүдө

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун жетекчилигинде райондук ыйгарым укукттуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Бишкек-Ош автожолунун жээгиндеги тейлөө объекттеринин жайгашуусунун абалы, мыйзамсыз жайгашууга бөгөт коюу чараларынын алкагында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…