25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь – Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында иш чара уюштурулду.

25-ноябрь Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү!” аталышында райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Андан сырткары Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында “Зордук-зомбулукка жол жок!” аталышындагы жыйын…

Толук окуу…

Контролдук-кассалык аппарат боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы менен биргеликте контролдук-кассалык аппарат боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүшүүдө.

Толук окуу…

“Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ № 157 Жарлыгынын алкагында “Улуттук нарк жана ынтымак кербени” аталыштагы жыйын өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ № 157 Жарлыгынын алкагында “Улуттук нарк жана ынтымак кербени” аталыштагы жыйын Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү. Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, КР “Нарктуу аксакалдар ордосу” коомдук бирикмесинин төрагасы Н.Кожогулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү…

Толук окуу…

№13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 250,0 миң сомдук спорттук тренажерлор тапшырылды.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы №13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас институту аркылуу аткарылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун “Инклюзивдүү өнүгүү” компонентинин алкагындагы 250,0 миң сомдук спорттук тренажерлорун утуп алган. Бүгүн аталган спорттук инвентарларды тапшыруу аземи болуп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун…

Толук окуу…

Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк.

Райондук мамлекеттик администрациянын “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” акциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы орто мектептерде “Биз зомбулукка каршыбыз”, “Зордук зомбулукка жол жок!” аталышындагы жөө жүрүштөр уюштурулуп, жыйындар өтүүдө. Андан сырткары аялдар кеңештери, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча туруктуу комитеттери менен…

Толук окуу…

“Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү.

4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө карата А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө кыргыз элинин руханий баа жеткис мурасы – Манас үчилтиги боюнча “Манастын кырк чоросу” аталышындагы манас айтуучулардын кечеси болуп өттү. Иш чарага райондогу манас айтуучулар, мектеп окуучулары катышышты. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги N 259 токтомунун негизинде белгиленип келет.…

Толук окуу…

1-декабрь – бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыгып, иш чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш чаралар планына ылайык райондун аймагында 2023-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык өнөктүк жарыяланып, медицина кызматкерлери тарабынан СПИД илдети боюнча мектептерде мектеп окуучуларына, ата-энелерге, балдар бакчаларынын тарбиячыларына окуу семинарлар, тегерек столдор өтүлдү.…

Толук окуу…

Айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.

Токтогул шаарынынын борбордук аянтында райондук мамлекеттик администрация тарабынан ар жума күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулууда. Жарманкеде жергиликтүү дыйкандардын жашылча-жемиштери, балчылардын бал азыктары шаар тургундарына сунушталууда.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы; 2. Райондун калкын жана экономика тармактарын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №247 буйругунун аткарылышы; 3. Райондун аймагында 2023-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйым-терим иштерин аяктоо жана күздүк…

Толук окуу…

2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен …

2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө коллегиялык жыйын болуп өттү 24- июлда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиянын жыйынына КР Жогорку кеңешинин депутаты К.К. Сулайманов, райондук укук коргоо органдары, мекеме,…

Толук окуу…